Москвада каза болгон кыргызстандыктардын аты-жөнү аныкталды

Автор -
343

Москва шаарынын батышында канализациялык иштердин жүрүшүндө беш жарандын каза болгондугу тууралуу маалымат ЖМКларга жайылып кеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкери окуя болгон жерге кырсыктын  келип чыгуу жагдайын билүү максатында барды.

Окуя болгон жерге баруунун жүрүшүндө жана Москва шаарынын ЖАК Курулуш Башкармалыгынын кызматкерлеринен алынган маалымат боюнча метанга ууланып каза болгондор:

-Мадимаров Сирожиддин. Кыргызстандын жараны катары таанылган.

-Ахматов Мустава. Аны таануу бүгүн Царицинодогу №1 өлүкканада өткөрүлөт.

Ошону менен бирге каза болгондор, учурда Кунцево райондор аралык Тергөө бөлүмү текшерүү жүргүзүп жаткан “Мосэкострой” компаниясында иштеп келишкени аныкталды. Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, бул окуяга карата кылмыш иши козголду.