Ош облусунун Алай районунун Күн-Элек айылында сүлөөсүн терисин сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекция жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн рейд учурунда белгилүү болду. Ага ылайык, 2017-жылдын 4-июнь күнү Алай районунун Күн-Элек айылында сүлөөсүндүн терисин сатып жаткан жеринен Кенжебек Токоев аттуу жаран кармалды.
“Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспектору Мансуров тарабынан тийиштүү акты, протоколдор толтурулду. Ал эми сүлөөсүндүн терисин аталган жаран капкан коюп кармаганы териштирүүдө аныкталды. Учурда иш кагаздары толукталып, тийиштүү чара көрүү максатында материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”, – дейт инспекциянын басма сөз кызматындагылар.