Бишкекте Коопсуздук кеңешинин отуруму өткөрүлөт

Автор -
258

Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлөт, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Отурумда төмөндөгү маселелер каралат:

— Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;

— Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;

-Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилеринин Тизмесине сунуштамалар тууралуу.