Баткен суу чарбасына 18 миң сом айып салынды

Автор -
380

Баткен райондук суу чарба башкармалыгына сууну сарамжалсыз пайдалангандыгы үчүн 18 миң сом айып салынды.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан Баткен суу чарба башкармалыгын текшерүүгө алганда, ишкананын карамагындагы магистралдык каналдарынан аккан суулар кароосуз калгандыгы аныкталган.

“Тагыраак айтканда, сууну агымын, өлчөмүн көзөмөлдөгөн адис тарабынан иш жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада сууну жергиликтүүлөр өз билемдик менен үйлөрүнө түтүкчөлөр, ар кандай жабдыктар аркылуу сууну колдонуп келишкен. Жеринде инспекторлор тарабынан акты, протоколдор толтурулуп, тиешелүү иш жүргүзбөгөндүгү үчүн Баткен суу чарбасынын жетекчиси С. Эрматовго 18 миң сом айып салынды. Көрсөтмөдө белгиленген ири кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт берилди. Ал эми жеринде  аныкталган айрым кемчиликтер инспекторлордун көрсөтмөсү менен жеринде жокко чыгарылды”, – делет билдирүүдө.