Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тотонбай участкасындагы 15 турак жай селден корголду

Автор -
952

Буга чейин Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тотонбай участкасындагы 15 турак жайга сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралган эле.

КР ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тотонбай участкасындагы Шайдан-Сай сел сайыныны жээктерин бекемдөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Узундугу 60 метр сайдын жээгине габион торчолорун орнотуп бекемдөө жумуштары үчүн КР ӨКМги тарабынан 90 даана габион торчолору жана 1 бирдик эксковатор, 1 бирдик ХОВО техникалары (күйүүчү майы менен) бөлүнүп берилип, жергиликтүү айыл аймак тарабынан 20 адам жумушка тартылып, бүгүнкү күнгө аталган сай жээктерин габион торчолору менен бекемдөө жумуштары толугу менен аткарылды.

КР ӨКМги жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында Тотонбай участкасындагы 15 турак жай жана там арка айдоо жерлери, короо сарайлар корголду.