Алмазбек Атамбаев Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Автор -
446

Алмазбек Атабаев, бүгүн, 20-июлда,  Бишкекте өтүп жаткан “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна”  катышуу үчүн Кыргызстанга  жумушчу сапар менен келген Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын президенти  Рустам Минниханов менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө  Атамбаев мейманды жылуу кабыл алып, Эл аралык форумга катышуу максатында Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди

Өз кезегинде Рустам Минниханов  Алмазбек Атамбаевди Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында  жакында  эле Татарстанга жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирди.

Рустам Минниханов  ошондой эле “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна” катышуу үчүн чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул абдан маанилүү жана мазмундуу иш чара экендигин кошумчалады. “Биз бардыгыбыз тилди, маданиятты, тарыхты сактоо туурасында ойлонобуз. Бул маселелер  учурда абдан маанилүү жана актуалдуу, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу”,- деди ал.

Жолугушууда  кыргыз-россиялык көп пландуу мамилелердин алкагында  Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы  кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.