14-август күнү 49-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А. Улан, КР ИИМнин криминалдык милиция кызматына өз ыктыяры менен келип, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылынан 36-жаштагы жубайын өлтүрүп алгандыгын билдирген.
Анын айтымында, ал жубайы менен 11-августа Тамчы айылына келишип, дем алыш күндөрдү өткөрүнүү максат кылышкан. Эртеси, болжол менен саат 22.30 чамаларында мас абалында, ортодон чыккан чатактын негизинде жубайын муунтуп салган. 13-август күнү, үйдүн ээсине дагы бир күнгө мөөнөтүн узартып, Бишкек шаарына барып, милицияга болгон окуяны айтып берген.
Бул билдирүү боюнча КР ИИМнин криминалдык милиция кызматынын жана Ысык-Көл РИИБнүн кызматкерлери көрсөтүлгөн турак жайды текшерген учурда аялдын жансыз денеси табылган.
Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 97 (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.