Ошто көп кабаттуу үйдүн жашоочуларына коопсуздуктун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Автор -
460

Ош шаарында өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана келип чыккан учурда калкты жана материалдык баалуулуктарды коопсуз жайга эвакуациялоодо иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн атайын тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуунун биринчи этабында Ош шаарынын мэриясынын эвакуациялык комиссиясынын курамына жана Ош шаарынын аймактык кеңештердин төрагаларына КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн адистери тарабынан өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана келип чыккан учурда калкты жана материалдык баалуулуктарды коопсуз жайга эвакуациялоо боюнча окуу өткөрүлдү.

Ошол эле күнү Кызыл Ай коому тарабынан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренинг өткөрүлдү.

Ал эми машыгуунун экинчи этабы практика түрүндө болуп, Ош шаарынын №7 «Алымбек-Датка» аймактык кеңешиндеги Карасуу көчөсүнүн №12 көп кабаттуу үйүнүн 15-16-батирлериде өрт чыгып, жабыркагандарды коопсуз жайга эвакуациялоо боюнча иш-чаралар аткарылылды.

Кызыл ай коому тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр үчүн гуманитардык жардамдар таркатылды.