«Ташкент – Балыкчы» жүргүнчүлөр поездин ачуу маселеси макулдашылды

Автор -
336

«Ташкент – Балыкчы» жүргүнчүлөр поездин ачуу маселеси макулдашылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ушнакасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын макулдашуусун жүзөгө ашыруу максатында «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания мамлекеттик ишканасы «Ташкент – Балыкчы» поездин ачуу боюнча Өзбекстан жана Казахстан темир жолу ишканалары менен макулдашты.

Макулдашууга ылайык, 2018-жылдын жай айларында аптасына бир жолу «Ташкент – Балыкчы» багыты боюнча Өзбекстан темир жолунун поезд курамы каттай баштайт.

Учурда поезддин каттам тартиби жана жол киресин тактоо иштери жүрүп жатат.