Сооронбай Жээнбеков БУУнун башкы катчысынын Атайын өкүлү Наталья Германды кабыл алды

Автор -
315

Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда БУУнун башкы катчысынын Атайын өкүлү, БУУнун алдын ала чара көрүү боюнча Аймактык борборунун башчысы Наталья Германды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азия аймагында, анын ичинде Кыргызстанда суу-энергетикалык маселелери боюнча кызматташуу, тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын структуралык уюмдарынын Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуялардагы ролун жана жардамын белгиледи.

«Ал оор күндөрү БУУнун жана башка уюмдардын жардамы менен биз мамлекетибиздин тарыхындагы татаал мезгилден аман-эсен өттүк. Алдыда биз чече турган көп маселелер бар. Кыргызстан  мындан ары дагы бардык аймактык маселелерди талкуулап, аларды кошуналарыбыз менен биргелешип чечүүгө даяр», – деди президент.

Наталья Герман Борбор Азия аймагында учурда аймактык кызматташуу чыңдалат деп үмүттөндүргөн абдан жакшы процесстер байкалып жатканын белгиледи.

«Борбордук Азиянын Мамлекет башчыларынын аракеттеринин аркасы менен, жеке Сиздин бул кызматтагы аракетиңиздин аркасы менен бардык маселелер бул эң сонун, мүмкүнчүлүгү абдан чоң, өнүгүп бараткан аймакта жашаган бардык элдердин пайдасына чечилет деп ишенем», – деп белгиледи Наталья Герман.

Герман бүткүл Борбор Азия аймагынын бакубатчылыгы үчүн Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.