Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 22-декабрда, өкмөтүнүн «Дем алуу күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна кол койду.
Токтомго ылайык, беш күндүк жумуш графиги менен иштеген мамлекетик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн, 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алуу күндөрү, тийиштүү түрдө, 2018-жылдын 2 жана 3-январындагы жумушчу күндөрүнө жылдырылат.
Жеке менчиктеги беш күндүк жумуш графиги менен иштеген юридикалык жактарга карата аталган сунуш рекомендациялык мүнөздө болот. Чечим мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери дем алуу жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануусу максатында кабыл алынган.
Натыйжада, кыргызстандыктар 2017-жылдын 31-декабрынан 2018-жылдын 3-январына дейре эс алышат.