Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Казакстанга учуп кетти

Автор -
266

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда казак тараптын чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Астанага учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбековдун Нурсултан Назарбаев менен тар курамда жолугушуусу пландаштырылган.

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында  кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат, мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Расмий сапардын алкагында Жээнбековдун Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу дагы болжолдонгон.