Премьер-министр Сапар Исаков 28-декабрда мамлекеттик органдарга дарыялардын нугундагы же жээктериндеги, ошондой эле башка көлмөлөрдүн участкаларындагы кендерге лицензияларды берүүгө тыюу салуу жана мурда берилген лицензияларды кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү туурасында тапшырма берди. Бул туураслыы өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Исаков дарыя нугундагы кырдуу шагылды казуу экологияга, экономикага жана өлкөнүн улуттук коопсузудугуна коркунуч жаратып жатса, иштер улантылбашы керек деп белгиледи.
Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте кен иштетүүчүлөр иштеткен дарыя жээктериндеги жана суу жайылмаларындагы коркунучтуу участкаларды аныктап, тийиштүү чараларды көрүү үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине сунуштарын бериши керек.
Мындай чечим айлана чөйрөгө, калктын ден соолугуна зыян келтирүүнү алдын алуу, ошондой эле, дарыянын нугундагы, жээктериндеги жана башка көлмөлөрдөгү кендерди иштетүүдөн келип чыккан адамдык курмандыктарды болтурбоо үчүн кабыл алынды.
Премьер-министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин өз учурунда жүргүзүүнүн, анын ичинде Чу дарыясынын нугу боюнча жээктерди бекемдөө иштеринин маанилүүлүгүн буга чейин эле белгилеп кеткен. Тийиштүү мамлекеттик органдарга Чу дарыясынын жээгинде кум жана таш казуу менен алектенген компанияларга уруксаат берүүчү документтерге көзөмөлдү күчөтүү, зарыл учурда лицензиясын алып салууга чейин чара көрүү тапшырмасы берилди.