Сооронбай Жээнбеков Дача-Су айылында учак кырсыгынан улам туугандарынан жана жакындарынан айрылган балдар менен жолукту

Автор -
312

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда 2017-жылдын 16-январында Чүй областынын Дача-Су айылында «Боинг-747» жүк ташуучу учактын кулашынан улам туугандарын жана жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы аларга көңүл айтып, бүгүнкү күнгө чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктоо кайгы-муңу басаңдай электигин белгиледи.

«Ал күнү бүт өлкөбүз оор жоготууну баштан кечирип жатты. Терең кайгыруу менен дагы бир жолу сиздерге көңүл айтам», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда жабыркагандардын атынан сүйлөгөн Венера Шейшенова кыргызстандыктарга көңүл буруп, кайгысын тең бөлүшкөнү, берилген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жабыркагандар өкмөттүк комиссия менен биргеликте тыгыз иштешти жана биздин бир да маселебиз, бир да көйгөйүбүз чечилбей калган учур болгон эмес. Бардык акча каражаттары, анын ичинде Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары тарабынан чогултулган каражаттар биз каалагандай, биз айткан сунуштарды эске алуу менен бөлүнүп берилди», – деди Венера Шейшенова.

Белгилей кетсек, ата-энесинен айрылган балдар: Шералиев Жакшылык, Абакиров Султан, Райымкулова Элайым, Нурлан уулу Мирлан, Шаршенбеков Эрлан, Урайымов Санжар жана Алымбек кызы Аселге атайын улуттук жана чет өлкөлүк валюталык пайыздуу депозиттик эсептер ачылган, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ачылган атайын эсепке чогулган акча каражаттардан бөлүнгөн жана Түркия тараптан компенсация иретинде төлөнүүчү акча каражаттар балдар 18 жашка чыкканга чейин алардын  атайын эсебинде сакталат.