Талас облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып салынды

Автор -
344

Талас облусунун Талас районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга административдик айып салынып, мылтыктары тийиштүү органдарга өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясы билдирет.

Талас аймак аралык башкармалыгынын инспекторлорунун, жергиликтүү укук кооргоо органдары жана мергенчилер коомунунун өкүлдөрүнүн катышусунда өткөрүлгөн рейд учурунда, Чырканак өзөнүнөн Ак-Сай айылынын А.И жана Т.С аттуу тургундары 16 калибрдүү эки мылтык жана 10 кекиликти мыйзамсыз аткандыгы аныкталган.

Инспекторлордун териштирүүсүндө мылтыктар жана кекиликтин мыйзамсыз атылгандыгы аныкталды. Жеринде мылтыктар тартылып алынып, жаратылышка кыянаттык кылган аңчыларга административдик айып салынды. Ошондой эле, тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз алып жүргөн куралдары Мамлекеттин пайдасына конфискацияланды.