Ысык-Көл облусунда изин суутпай адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Автор -
241

Ак-Суу РИИБне Михайловка айылынын жанында жайгашкан дачалардын үйүнүн биринде белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы жөнүндө кабар түшөт. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери барышып, өлүктү кароо жүргүзүү мезгилинде башынан жана көкүрөк тушунан көк ала болгон тактар бар экендигин аныкташкан. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча киши колду болуп өлгөндүгү такталгандыктан, райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 97 («Адам өлтүрүү») беренеси менен кылмыш иши козголгон, деп билдирет Ысык-Көл облусунун милициясы.

Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, ал Каракол шаарынын 57-жаштагы тургуну, 2-топтогу майып Дж. Урматбек болуп чыкты. Андан аркы көрүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары, дачанын ээси, 46-жаштагы Каракол шаарынын тургуну, мурда КЖКнын 208-беренеси менен соттолуп келген К. Олег кармалып, алгачкы суракта күнөсүн толугу менен мойнуна алды.

Анын айтымында, ошол күнү ал дачасында жабырланган адам менен спирт ичимдиктерин ичишип, мастыктан уруша кетип, уруп-сабап өлтүргөнүн билдирген.

Шектүү катары кармалган адам Каракол ШИИБдин УКЖга киргизилип, козголгон кылмыш иштин алкагында анын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.