Абакта ачкачылык жарыялаган саясатчылардын ал-абалынан Жогорку Кеңештин депутаттары кабар алды. Бул тууралуу Жанар Акаев «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымында, абактагылардын саламаттыгы начарлап кеткен.
«Айрыкча Бектур Асановдун абалы оор экен. Түрмөнүн дарыгерлери анын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин билдиришти. Ошондуктан дарыгерлер саясатчы акциясын токтотпосо кесепети оор болорун эскертишти. Биз да ачкачылыкты токтотушун сурандык. Бирок алар УКМКнын төрагасы Сегизбаевди кызматынан кетирүү боюнча талабы аткарылмайынча ачкачылыкты токтотпой турганын айтышты», – деди Жанар Акаев.
Алар Сооронбай Жээнбековдун акыркы билдирүүлөрүнөн үмүттөнүп турушканын билдирди. Депутат абактагы саясатчылардын абалы боюнча маселе парламентте көтөрүлөрүн да кошумчалады.
№47 абакта камалган саясатчылар менен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев жана Талант Мамытов жолугуп чыккан.
«УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин» жана «соттор адилет чечим чыгарсын» деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Эрнест Карыбеков 31-январдан, Кубанычбек Кадыров 1-февралдан бери «кургак ачкачылык» кармап жатышат.
Бул адамдар «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деп 2016-жылы кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов болсо төрт жылга шарттуу кесилген. Мындай чечимге нааразы болгон айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Бирок шаардык сот да райондук соттун чечимин быйыл 7-февралда күчүндө калтырды.