Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл аймагында 2018-жылдын 13-февралда 1974-жылы туулган Т.У.Ж. жана 1976-жылы туулган С.А.Ы. атчан Ат-Башы айылына барышып, кайра өз айылына С.А.Ы. гана кайтып келген. Ал эми Т.У.Ж. дайынсыз болуп, айылга минген аты гана келген. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
13-февралда 22:25де издөө иш-чараларын жүзгүзүүгө ӨКМнин №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылып, иш-чаралар бүгүн жүргүзүлүп, убактылуу токтотулган.
«Бүгүн эртең менен дайынсыз болгон Турдалиев У. Ат-Башы айылында тууганынын үйүндө түнөп калгандыгы аныкталган», – делет билдирүүдө.