Ош аэропортунда паспортуна жасалма штамп басылган Тажикистан жараны кармалды

Автор -
248

2018-жылдын 14-февралында «Ош-аэропорт» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Тажикистандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.

Москва–Ош каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүүдө 1980-жылы туулган Р.К., аттуу жаран чек ара кезметине жалпы жарандык паспортунда басылган штамп жасалма түрүндө экендиги аныкталган.

«Штампта Ош аэропортунан учкандыгы тууралуу маалымат өзгөртүлгөн. Кармалган жарандын айтуусу боюнча ал Орусияда жүрүү мөөнөтүн узартуу максатында штамтагы белгилерди өзгөрткөн. Тиешелүү документтер толтурулган соң Тажикистандын жараны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», – делет билдирүүдө.