Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков тууралуу telegra.ph сайтында жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганы айтылат, деп жазат «Азаттык».
Акыркы убакта аты-жөнү жашырылган авторлор «милиция кызматкерлеринин аброюна көө жапкан кабарларды көп таратып жатканы» белгиленип, соңку макала Өмүрзаковдун беделине көлөкө түшүрүү аракети катары бааланган.
Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын жараны, «күйөө бала» деген каймана аттуу Яха Нуралиев менен наркотрафик уюштурганы Адилет Карабеков деген автордун ысымы менен аталган сайтта 14-февралда жарыяланган. Анда Жалал-Абад облустук милициясынын мурдагы башчысы Жеңиш Жоробеков, Токмок милициясынын мурдагы башчысы Максат Чойбеков, Бишкектин 11-милиция бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Талант Аттокуров маңзаттарын коштоп, чек арадан өткөрүү менен алектенери, бул үчилтикти министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жетектей турганы жазылган.
Ошондой эле Тажикстандан алып келинген маңзаттар Кыргызстанда кайра иштелип, андан кийин Казакстан аркылуу Орусияга өтөрү белгиленген. Министрдин орун басарынын иниси Улукбек Өмүрзаков кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев менен дос экени, ага таандык «Мухаммед – Умар» клубунун спортчулары Ошто каалаганын кылары, жергиликтүү жашоочулар акыйкаттыкка ишенбегендиктен алардын үстүнөн арызданбай турганы да кошумчаланган. Автор президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, коррупцияга каршы күрөштү Сүйүн Өмүрзаковдон баштоону өтүнгөн.
Буга чейин бул сайтта министрдин дагы бир орун басары Данияр Абдыкаровдун «Орусиядан уурдалган кымбат баалуу машинелерге катышы бар» деген маалымат жарыяланып, мекеме аны да төгүндөгөн.
Өткөн жумада ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш кызматынын полковниктери сегиз килограмм нашаа менен кармалган. Алар мекеменин Нарын жана Ысык-Көл облустук бөлүм башчысынын орун басары жана бул кызматта мурда иштеп кеткен, милициянын отставкадагы полковниги экени белгилүү болгон.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мыйзамсыз өндүрүү же берүү») менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камалган.