2018-жылдын 19-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда саат 11:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында (Итагар станциясы) “Рено” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаасынын (бензовоз) айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Унаада 35 тонна бензин болгон.