Сооронбай Жээнбеков «Билим берүү жɵнүндɵ» Мыйзамына ɵзгɵртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган.
Мыйзам мектептерди алты күндүк окуу жумалыгынан беш күндүк окуу жумалыгына которуу максатында кабыл алынган.
Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Билим берүү жɵнүндɵ» Мыйзамынын 16-беренеси тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 10-бɵлүк менен толукталган: «Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетимдүү окуу жүктɵмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет».
Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет.