Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирет.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, төмөнкү райондордо жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы боюнча газ колдонуучуларын маалымдайт:
-26-февралдан 2-мартка чейин Бишкек шаарынын Путепроводная, Т.Айтматов, Фрунзе, К.Датка, Ш.Баатыр көчөлөрүнүн; Чүй, К.Датка, Салиев, Лермонтов көчөлөрүнүн; Чүй, Лермонтов, Ленин, Калинин көчөлөрүнүн; Ленин, Лермонтов, Победа, Восточная көчөлөрүнүн; Ж.Жолу, К.Датка, Лермонтов, ЧЧК көчөлөрүнүн чектешкен аймагында; Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунда, «Тянь-Шань Керамик» заводунда.
— 27-февралдан 1-мартка чейин Бишкек шаарынын Рыскулов, Фрунзе, М.Гвардия, Ала-Арча көчөлөрүнүн чектешкен аймагында.
— 1-2-мартта Бишкек шаарынын Орозбеков көч. №2/2 дарегинде.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.