Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңешинин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөсүнүн ант берүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Вице-премьер-министр Муканбетов Санжар Турдукожоевич ант берди.
Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, вице-премьер-министр Санжар Муканбетовго берген антын эстен чыгарбай, эл үчүн жана мамлекет үчүн ак ниет кызмат кылуусун каалады.