Премьер-министр Сапар Исаков чет элдик жарандарга жумушка орношуусуна уруксат берүүнү жеңилдетүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Өкмөт башчы чет элдик жарандардан, анын ичинде инвестор, ишкерлер, жогорку окуу жайлардын кыхматкерлеринен уруксат берүү процесси ачык эмес, өтө жай жана ыңгайсыз деген наарачылыктар түшүп жатканын белгиледи.
«Мамлекеттик миграция кызматы ушул жылы жумушка орношууга уруксат берүү процессин чоюп салды. Квоталардын саны боюнча документтер оз учурунда иштелген эмес. Буга байланыштуу айрым чет элдик жарандар айып пул төлөгөнгө мажбур болушту. Абал анализделиши керек. Эгерде кечигүү маморгандардын айынан болсо, айылпул салынбашы керек. Ал эми кызматтын жетекчилиги бир жуманын ичинде абалды жонгө салышы зарыл», – деди Сапар Исаков.
Кеңешменин жыйынтыгында премьер-министр бир жумалык мөөнөттө жумушка орношууга уруксат берүүнү жеңилдетүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын берди.