Эртең, 6-март, Бишкекте «Тарыхтын талаш талкуусу. «Басмачылар» – ким болгон?» деген темада тегерек стол өткөрүлөт. Иш-чаранын уюштуруучусу «Эсимде» талкуу аянтчасы.
1918-1934-жылдары Орто Азияда совет бийлигине каршы куралдуу күрөштүн катышуучуларын совет тарыхчылары “басмачылар” деп аташкан. Быйыл “басмачылык кыймылынын” башталганына бир кылым болот. Ушуга чейин кыргыз коомчулугунда “басмачылар” ким болгондуугу, аларды кантип атаганыбыз туура болоруу жөнүндө талаш-тартыш бүтпөй келет. Айрымдар совет доорундагыдай эле – алар каракчы, бандит деп келсе, башкалар – совет бийлигине каршы чыккан баатыр, каарман катары сыпатташат. Дагы бирөөлөр – бул кыймыл улуттук-боштондукту көздөгөн максатта жүргүзүлгөн десе, экинчилер советтерге каршы диний согуш болгонун айтышат.
Иш-чарада “Басмачылар ким болгон: эл боштондугу үчүн күрөшкөн эрлерби же калкты карактаган бандиттерби? Баатырларбы же эл бузар зөөкүрлөрбү?” жана башка темалар боюнча талкуу, пикир алмашуу менен талаш суроолорго биргелешип жооп издейбиз.
Иш-чаранын түпкү максаты — басмачылык кыймылы жана анын катышуучулары тууралуу илимий булактар менен эс эсиндеги маалыматтар аркылуу өз тарыхыбызды кайра калыс аңдоо аракети.