Баткен облусунда мыйзамсыз күйүүчү май ташыган Тажикистан жараны кармалды

Автор -
218

Баткен облусунда мыйзамсыз күйүүчү май ташыган Тажикистан жараны кармалды. Бул тууралуу Маламекеттик бажы кызматы билдирет.

22-февралда Баткен облусунун Лейлек районунда «Түштүк» ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Тажикистан менен чектеш чек арадан өтүүгө аракет жасаган Тажикистан жараны М.А.М., башкарган «Мерседес-Бенц 822» үлгүсүндөгү автотранспорттук каражат токтотулуп текшерилген.

Анын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары, бажыга тийиштүү документтери жок ЕАЭБтин аймагына Таджикистандан ташып келе жаткан күйүүчү май материал кармалган, анын 9100 литирди жана жалпы суммасы 241 150 сомду түздү.

Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.