Күчтүү аймактар – экономикалык жактан өнүккөн өлкөнүн мыкты таянычы. Муну эске алуу менен, 2018-жылы аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө басым жасалат. Бул туурасында вице-премьер-министр Санжар Муканбетов бүгүн, 6-мартта, «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин экинчи көчмө жыйынында билдирди.
««2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарты катары мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен ага ылайыкташтыруу болуп саналат. Буга катар ар-бирибиз региондорду өнүктүрүү жылынын алкагындагы иш-чараларды иш жүзүнө ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек», – деп белгиледи вице-премьер-министр.
Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Жарлыкта каралган иш-чаралардын өз учурунда жана толук кандуу аткарылышына багытталган бир катар чечимдер кабыл алынган.