Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн Жол чарба департаментинин директору кармалды

Автор -
415

Транспорт жана жол министрлигинин кызмат адамдарына карата козголуп, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраев кармалды.

Аныкталган боюнча, А.Ибраев өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын областынын Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылындагы «Нарын суусу аркылуу көпүрө» обьектисиндеги калыбына келтирүү иштеринин буйрутмаларын аткаруу үчүн мыйзамсыз түрдө өзүнө тиешеси бар «Кербенжолкурулуш» ААКсына 45,8 млн сом ыйгарып берген.

2017-жылдын июль айында иш аткаруу келишими ошол эле жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү мөөнөтү менен түзүлүп, А.Ибраевдин көрсөтмөсү боюнча “Кербенжолкурулуш” ААКсынын эсебине банктын кепилдиги жок эле мыйзамсыз түрдө 35,3 млн сомду алдын ала которулуп берилген.

Андан ары бул каражаттар коротулуп кеткени менен азыркы маалга чейин курула турган көпүрө ишке бериле элек.

А.Ибраевге КР Кылмыш-жаза кодексинин «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу» жана «Ачыксоода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» боюнча айыбы угузулуп, 2018-жылдын 6-мартында Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунунун чечими менен КР МУКК тергөө камак жайына кармоо боюнча баш коргоо чарасы каралды. Тергөө жүрүп жатат.