Боом капчыгайындагы жол убактылуу жабылат

Автор -
201

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 12-марттан 16-мартка чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 108-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт, деп билдирет «Кыргыз темир жолу» ишканасы.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 12-мартынан тартып, 16-мартка чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.