Премьер-министри Сапар Исаков өкмөт аппаратынын жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөттү.
Исаков президент Сооронбай Жээнбековго Нурханбек Момуналиевди берилген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотуу жана өкмөт мүчөлүгүнөн четтетүү боюнча сунуштама жөнөттү.