Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери өгөй апасы сабаган кызга жолукту

Автор -
244

Бүгүн, 13 мартта акыйкатчы аппараты 3 балдар ооруканасына катуу сабалып түшкөн 9 жашар кызга барып жолугуп келди.

Кыз менен сүйлөшүү учурунда белгилүү болгондой,  кыз мектепке барбайт. Анын денеси көгала, тытылган. Ким тарабынан сабалганын сураганда, ачка болуп үйдөн нан уурдап жегени үчүн өгөй энеси ур-тепкиге алганын айткан. Кыз киши менен сүйлөшүүдө ачык-айрым.

Ошондой эле акыйкатчы институтунун кызматкерлери Аламүдүн райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчисине кайрылган. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарынан айтымында, кыздын үй-бүлөсү 3 ай мурун Маевка жаңы конушуна көчүп келген. Кыздын атасы, өгөй апасы, бир уялаш иниси жана эки аталаш  сиңдиси бар. Атасы курулушта иштейт, өгөй энеси үй кожейкеси. Кыздын өз энеси эки жыл мурун жоголуп кеткен, учурда ал издөөдө. Аламүдүн районунун жетекчисинин орун басарынын айтымында, аталган район миграциянын агымы чоң  аймак болуп эсептелгендиктен, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө ушул сыяктуу үй-бүлөлөрдү каттоо жана көзөмөлгө алуу бир топ кыйынчылыкты жаратат.

Учурда бул окуя окуя ИИМдин жашы жете элек балдар инспекциясынын, Билим берүү министрилигинин ж.б. кызматкерлери чакырылган балдар иши боюнча комиссиясында каралат. Кароонун жыйынтыгында балдарды коргоо комиссиясы тарабынан чаралар колдонулат.