Алдын ала маалымат боюнча 13-март күнү саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) болжол менен: 2,5 млн куб кар көчкү түшкөн, деп билдирет ӨКМ.
Бишкек-Ош унаа жол толугу менен убактылуу жабык. Унаа жолду тазалоого №23 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Жолду эки тарабынан жабылды. «Сосновка» жана «Арал» посторунда жылытуучу пункт жана ашкана пунктун уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.