Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстанга учуп кетти

Автор -
212

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапар менен н Астана шаарына учуп кетти.

Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

Сооронбай Жээнбековдун Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкууламакчы.