Борбордук Азиянын  Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Автор -
256

Казакстан Республикасынын Астана шаарында бүгүн, 15-мартта өткөрүлгөн Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бул туурасында  жалпыга маалымдоо каражаттарынын  өкүлдөрүнө Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев маалымдады.

Ал жолугушуу абдан ийгиликтүү, өз ара түшүнүшүү маанайында  өткөндүгүн, эл аралык, анын ичинде регионалдык коопсуздук, канатташ чек ара, транспорттук коммуникация, суу-энергетикалык ресурстар, тарифтик саясат, соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болгондугун  белгиледи.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев бул форматта ар жылы Нооруз майрамынын алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин биринде  жолугушуу макулдашылгандыгын маалымдады. Кийинки жолугушуу 2019-жылы Ташкент шаарында өткөрүлөт