Премьер-министр Ош шаарында ишембиликке катышты

Автор -
229

Сапар Исаков бүгүн, 17-мартта, «Таза жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Ош шаардык Токтогул атындагы парктын аймагында өткөн ишембиликке катышты.

Ишембилик алкагында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Токтогул атындагы паркты реконструкциялоонун эскиздик долбоорун сунуштады.

Ал маалымдагандай, «Таза Жашоо» кампаниясынын, ошондой эле парктын негизделишинин 100 жылдыгы алкагында, жалпы аянты 9 га болгон парктын арык тутумун реконструкциялоо, жаңы балдар аянтчасын, маданий-көңүл ачуу объектилерин, фонтан комплекстерин куруу жана 500 жакын бак-дарак отургузуу жана башка бир катар иш-чаралар каралууда.

Мындан тышкары, Айтмамат Кадырбаев маалымдагандай, улуттук кампания алкагында Ош шаарындагы 9 скверди реконструкциялоо жана шаардын ар-кыл райондорунун аймагын ирээтке келтирүү жүргүзүлгөн.

Ишембиликтин жүрүшүндө өкмөт башчы жана акциянын башка катышуучулары көчөт отургузуп, Токтогул атындагы парктын аймагын ирээтке келтиришти.

Премьер-министр ошондой эле Ак-Буура дайрасынын боюндагы көргөзмө аянтынын курулушу менен таанышты, объекттин курулушу жакын арада бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.