Ош шаарында өтүп жаткан “Орусия киносунун жумалыгынын” алкагында «Шериктеш өлкөлөрдүн эл аралык статусун бекемдетүүдөгү биргелешкен маданий катыштардын жана кино искусствонун мааниси” аттуу тегерек стол өттү.
Ага ССРБдин, Орусиянын жана Кыргызстандын эл артисттери, белгилүү кинорежиссерлор, актер, актриса, кино сынчылар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар кино жаңылыктары, эки өлкөнүн ортосундагы чыгармачылык байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча сүйлөштү.
Ошондой эле, коноктор келечекте кыргыз кино жаратуучулары менен биргеликте Ош шаары жөнүндө тасма тартууну пландап жаткандыгын билдиришти.
«Шаар абдан кооз экен. Уюштуруучулар жагымдуу маанайда тосуп алышты. Өзгөчө элдердин меймандостугуна, адамгерчилигине маани бердим. Келечекте кыргыз кино жаратуучулары менен биргеликте чыныгы байыркыбул шаар жөнүндө тасма тартуу оюубузда бар. Ал үчүн шаарды жакшы билип, таанышыбыз керек. Бул жумалык жакшы жыйынтык берсе, кыргыз көрүүчүлөрүнө Орусия киносун гана тартуулабастан, жаш кино жаратуучуларга мастер-класстарды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга даярбыз ”,-деди кинорежиссер Андрей Осипов.
Эске салсак, Ош шаарында 19-23-апрель күндөрү «Орусия киносунун жумалыгы» өтүүдө. Анын негизинде «Семетей» кинотеартында Орусиянын мыкты кинолору көрсөтүлүп, талкууланат. Көрүүчүлөр орусиялык жаңы тасмалар менен гана таанышпастан, алардын жаратуучулары менен бирге тасмаларды талкуулоого катыша алышат.