Жалал-Абад облусунда көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында үч айлык жарыяланды. Анын алкагында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган топ, Базар-Коргон районундагы Сейдикум каналын казуу иштерине күбө болду. Бул канал 1948-жылы курулуп, 1600 гектар жерди сугат суу менен камсыздап келген.
Бирок Кызыл-Ай учаскасына караган жери акыркы 25 жылдан бери тазаланбай толуп калган. Андыктан 3 айлыктын алкагында каналда казуу иштери башталган. Райондо жалпы 14201 гектар сугат жер бар. Жер пайдалануучуларды убагында суу менен камсыз кылуу үчүн мында каналдардан сырткары ички арыктар да казылып жатат.
Кыдыруунун журушундо райондун борборундагы айланпанын абалын жакшыртуу, аны менен бирге Артанбап эс алуу жайына баруучу жол белгинин жоктугу сынга алынды. Ал эле эмес жол четиндеги корукту бузган жеке менчик имараттардын ээлерин чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен калыбына келтируу зарылдыгы бар экени белгиленди.
Эл коп каттоочу бул жайда соода түйүндөрү да ирээтсиз жайгашап, жол жээктеп ташталган таштандыларды тазалоо тапшырмасы берилди. Ал эми район жетекчилиги тез арада мындагы бардык койгой жараткан маселелер чечиле тургандыгын айтты.
Ал эми Базар-Коргон районунда 18 гектар аянтты ээлеген Усон Сыдыков атындагы эс алуу багында акыркы жолу 2011-жылы бүтөө иштери жүргүзүлгөн. Андан бери 7 жыл өтүп, эс алуучу жай таштандыга толгон токойго айлана баштаган. Район жетекчилиги калкка шарт түзүү максатында бул жайды ирээтке келтирүүдө. Мындагы аракеттер аяктаган соң эл эс алуучу жабдыктар орнотулаарын Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов кошумчалады.
Дал ушул эс алуу багында райондук маданият үйү да орун алган. Атайын түзүлгөн топ алгач ички абалындагы тазалыкка баш бакты. 300 орундуу маданият үйүндө толук кандуу шарт бар деп айтууга болбойт. Анткени мында тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен маданият үйүнүн маңдайы жарыктандыралган эмес, ал турсун бир нече жылдан бери бул жайда ажааткананын жоктугу кейиштүү абалды жаратты. Бул кемчилик айтылаар замат, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү планга киргизгенин жакынкы күндөрү курулушу башталарын билдиришти.