Бүгүн, Жогорку Кеңеште «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Курманкул Зулушев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-мартта КСДП партиясынын съездинде айткан сындарына жооп кайтарды.
“Мен бүгүн соттордун атына көө жапкан Зулушев эмес, эл добуш берип шайлаган депутатымын. Акыркы жылдарда сот системи толук талкаланды. Соттор бийликтен көз каранды, адилетсиз жана чөнтөк сотторго айланды. Арасында мыйзамды сыйлаган адилет соттор бар. Бирок алар калыс чечим чыгаргандан коркушат. Себеби бизди жумуштан кетирүү менен башка сотторго сабак кылып, сотторду эрксиз көз карандылыкка айландырышты. Азыркы Жогорку Сот, жергиликтүү соттор эч нерсе чечпейт. Маселенин баары президенттик аппараттан чечилет», — деди Зулушев.
Ошо менен бирге Өкмөт башчы Сапар Исаковко «премьер-министр кеңешчилеринин артына бекинип, өкмөттүн дарегине сын айткандарды жамандатып жатканын» белгиледи.
Жыйынга катышып жаткан премьер-министр муну депутаттын жеке пикири экенин, ким кандай иштегенин эл көрүп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, 31-мартта КСДП партиясынын съездинде Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын берип, «соттун атын уят кылганы үчүн кызматтан алынган каяктагы бир Зулушев деген неме болбогон нерселерди кыйкырып баштады. Мен анын артында ким турганын көрүп турам. Сапар Исаков Раим Матраимовду кызматтан кетирип, буларды катуу таарынтты”, -деп билдирген.