12- апрельде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт

    Автор -
    212

    Эртең, 12-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

    Абанын температурасы:

    Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

    Талас облусунда түнкүсүн 0…-2, күндүз 15…20,

    Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,

    Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -12…17,

    Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 12…17,

    Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3 градус, күндүз 18…20 градус жылуу болот.