Алжирде аскердик учак кулап 247 адам каза болду (ВИДЕО)

Автор -
353

Алжирде Ил-76 аскердик учак кулап каза болгондордун саны 247 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Алжирдин Блида провинциясындагы Буфарик аэропортуна жакын жерде аскердик учак кулап түштү. Учак абага көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өткөндөн кийин кырсыка учураган. Учакта 250 адам болуп, кырсыктан аман калгандар жок экени айтылууда. Окуя болгон жерде 300 куткаруучу, 14 өрт өчүүрү жана 30 «Тез жардам» иштеп жатканы айтылат.

Учурда Алжирдин Куралдуу күчтөр министрлиги учактын кулашы боюнча комиссия түзүп, иликтөө иштерин баштады.

Эскерте кетсек, бүгүн Хабаровскта Ми-8 тик учагы кыйрап, алты киши мерт болгон эле.