КР эл артисти Жамал Сейдакматова «Ак илбирс» фестивалында сыйланат

Автор -
323

Бул жылы «Ак илбирс» фестивалында «Улуттук кинематографка кошкон эбегейсиз салымы үчүн» берилчү атайын сыйлык КР эл артисти Жамал Сейдакматовага ыйгарыларын Кыргызстан кинематографисттер союзунунан билдиришти.

Жамал Сейдакматова ата мекендик ондогон мыкты тасмаларында роль жараткан. Алардын ичинде «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму», «Эрте келген турналар» сыяктуу бир топ мыкты фильмдер бар.

Ал эми 1957-жылдан тарта Кыргыз драма театрында эмгектенип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган жүздөгөн каармандардын образын жараткан.

Эске салсак, аталган сыйлыкка мурдагы жылдары Геннадий Базаров, Мар Байжиев, Болот Шамшиев, Нуртай Борбиев сыяктуу тасма тармагындагы көрүнүктүү адамдар татыган.

«Ак илбирс» сыйлыгын тапшыруу аземи Бишкек шаарында 27-апрель күн болмокчу.

Белгилей кетсек,  «Ак илбирс» сыйлыгына талапкер тасмалардын тизмесинде  Актан Арым Кубаттын «Кентавр», Руслан Акундун «Апамды издеп» жана Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» фильмдери бар.

Жыл сайын берилчү «Ак илбирс» сыйлыгы 2012-жылы уюшулган. Анын демилгечилери — Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти.