Президенттин аппаратында иштегендер кыргыз тилинен тест тапшырышат

Автор -
282

Кыргыз Республикасынын  президентинин аппаратында иштегендер кыргыз тилин билүү боюнча тестти биринчилерден болуп тапшырат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

10-апрелден тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктай турган «Кыргызтест» сынагын милдеттүү түрдө тапшыра баштады.

Маалыматта республика боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген 24 467 киши тест тапшырат. Анын ичинен 7 785 киши Бишкек шаарында болсо, 16 682 адам аймактарда. Тесттер мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер үчүн атайын даярдалган.

Кыргызтест жөнөкөй (A1, A2), ортоңку (B1, B2) жана жогорку (C1, C2) деп үч деңгээлге бөлүнгөн.