Аскарбек Шадиев Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынан билдиришти
«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн негизинде Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынан бошотулду»,- деп айтылат маалыматта.