Бүгүн Жогорку Кеңештин үч комитети өкмөттүн отчётун угат

Автор -
Сүрөт: kenesh.kg

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин үч комитети өкмөттүн отчётун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун карамакчы.

Белгилей кетсек, өткөн жумада өкмөттүн отчётун Жогорку Кеңештеги оппозициялык»Республика-Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс»фракциясы угуудан баш тарткан. Буга премьер-министр Сапар Исаковдун жыйынга келбей калышы себеп болгон. Ал эми КСДП жана «Кыргызстан» фракциялары буга чейин өкмөттүн отчётун «канааттандырарлык» деп тапкан.