Сапар Исаков  «Ош» базарындагы соодагерлер менен жолугушту

Автор -

Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн 16-апрелде, Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагында өрт кырсыгынын натыйжасында жабыркаган ишкерлер менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы соодагерлерге колдоо сөздөрүн билдирип, кырсык орун алган соң, дароо өрт кесепетинен түшкөн зыяндын көлөмүн баалоо боюнча Комиссия түзүлгөндүгүн маалымдады. Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө Комиссия тарабынан жабыркаган ишкерлердин тизмеси түзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жабыркаган ишкерлерден документ кабыл алууну уюштуруусу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына салыктык карыздарды төлөө мөөнөтүн узартуусу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна үстүбүздөгү жылдын 14-апрелине карата камсыздоо төлөмдөрү жана финасылык санкциялар боюнча төлөм мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу тапшырылды.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, өлкөнүн коммерциялык банктары менен жабыркаган ишкерлердин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо тууралуу тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн жана аталган иш боюнча иликтөөнүн жүрүшү анын жеке көзөмөлүндө болоорун баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков өкмөттүк түзүмдөр тараптан көйгөйлөрдү тез арада чечүү жана жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн максималдуу күч-аракеттер жумшалаарын дагы билдирди.