Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт

Автор -
222

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Тоголок Молдо» жана «Белинский» суу алгычтарында боло турган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу 17-апрелде айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Белгилүү болгондой, таза суу берүү Жаш Гвардия бульвары, Манас кең көчөсү, Жибек Жолу, Күрөңкеев, Логвиненко, Абдрахманов, Абдумомунов көчөлөрүндө саат 09:00дөн тартып 19:00гө чейин өчүрүлөт.