Прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор -

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыктын Ч.У. аттуу жетекчисин 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам-издөө иштери УКМК тарабынын жүргүзүлүп, прокуратура кызматкери 16-апрелде кармалган.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.