22-23-апрелде «Жаңы мектепке жаңы мугалим: педагогикалык кадрларды даярдоону модернизациялоонун актуалдуу проблемалары» деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары А. Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети.
Ош институтунун маалыматы боюнча, мектеп мугалимдер тарабынан даярдалган көргөзмө жана окуу жайдын таланттары тартуулаган концертттик программа менен коштолот.
Белгилей кетсек, иш-чара “Тарых жана маданият» жылына карата өтөт.