Telegram`дын ордуна орусиялыктар TamTam тиркемесин колдоно баштады

Автор -
239

Орусиядагы популярдуу Telegram тиркемеси 13-апрель күнү аталган аймакта колдонууга тыюу салынган. Көп өтпөй анын ордуна орусиялыктар жаңы TamTam тиркемесин колдонууга өтүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, TamTam тиркемесин жарнамалоо иши Telegram`ды колдонууга тыюу салынган күнү эле башталган. Көпчүлүк жаңы сунушталып жаткан тиркеменин функциясы Telegram`дын эле көчүрмөсү экенин айтышууда.